Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №12
« Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн аталыштары жөнүндө »
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана Жалал-Абад шаарындагы аймактык башкаруулардан келип түшкөн каттарды шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусундагы Лесная көчөсүнүн аталышы Аттокуров Апи Абжанонович (лат. Attokurov Api Abzhanonovich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруусундагы Ч.Айтматов-4 көчөсүнүн аталышы Кебеков Абжал (лат. Kebekov Abzhal ) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусундагы Ак-Тилек кичи районунун Достук-19 көчөсүнүн аталышы Мусакулова Канышай Джумалиевна (лат. Musakulova Kanyshay Dzhumalievna) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
4. Жалал-Абад шаарынын Достук муниципалдык аймактык башкаруусундагы Горький көчөсүнүн аталышы Ботокараев Бакытбек Пазылович (лат. Botokaraev Baktybek Pazylovich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
5. Жалал-Абад шаарынын Спутник муниципалдык аймактык башкаруусундагы №18 кварталындагы Тихий көчөсүнүн аталышы Сулайманов Куватбек Алимович (лат.Sulaimanov Kuvatbek Alimovich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
6. Жалал-Абад шаарынын Спутник муниципалдык аймактык башкаруусундагы Ладан-Кара айылындагы Ч.Айтматов көчөсүнүн аталышы Жээнбеков Амиражан (лат.Jeenbekov Amirazhan) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
7. Жалал-Абад шаарынын М.Т.Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыгынын Таш-Булак айылындагы Долбоорлоо-10 көчөсүнүн аталышы Камбаров Махамадбек Исмаилович (лат. Kambarov Makhabadbek Ismailovich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
8. Жалал-Абад шаарынын М.Т.Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыгынын Курманбек кичи шаарчасындагы Долборлоо-15 көчөсүнүн аталышы Абдыкаев Абдишүкүр Сатарбаевич (лат. Abdykaev Abdishukur Satarbaevich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
9. Жалал-Абад шаарынын М.Т.Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыгынын Курманбек кичи шаарчасындагы Долборлоо-16 көчөсүнүн аталышы Батыркулов Калдарбай (лат. Batyrkulov Kaldarbai) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
10. Жалал-Абад шаарынын М.Т.Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыгынын Жаңы-Арал айылындагы Долборлоо-4 көчөсүнүн аталышы Исаков Кылычбек Парпиевич (лат. Isakov Kylychbek Parpievich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
11. Жалал-Абад шаарынын М.Т.Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыгынын Курманбек кичи шаарчасындагы Курманбек-1 жана Жаңы-Арал-2 көчөлөрүнүн аталышы Чубак ажы Жалилов (лат. Chubak azhy Zhalilov) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
12. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
14. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |