Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №13
«Жалал-Абад шаарындагы аты бар көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/646 сандуу катты жана Жалал-Абад шаарынын Дөмөр, Тейит, Масадан айылынын тургундарынын кайрылуусун шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Ырыс айылдык кеңешинин 03.03.2003-жылдагы кезектеги XIV сессиясында “Сатывалды Палван” көчөсү деп ысымы ыйгарылган токтом жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы Спутник муниципалдык аймактык башкаруусундагы Сатыбалды Палван көчөсүнүн аталышы Матаев Сансызбай Исмаиловичтин (лат. Mataev Sansyzbai Ismailovich) ысымына өзгөртүлсүн.
3. Эл депутаттарынын Ырыс айылдык кеңешинин 17.04.1995-жылдагы II сессиясында Малабай Жунусалиевдин ысымы ыйгарылган №2-токтому жокко чыгарылсын.
4. Жалал-Абад шаарындагы Т.Байзаков проспектисинин кесилишинен баштап, Ош-Бишкек жолуна чейинки аралыктагы Дөмөр айылындагы Малабай Жунусалиев көчөсүнүн аталышы Баймурза Ботобаевдин (лат. Baimurza Botobaev) ысымына өзгөртүлсүн.
5. Жалал-Абад шаардык архитектура башкармалыгына ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |