Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №15
«Жалал-Абад шаарындагы жер тилкелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 22.04.2025-жылдагы чыг.№01-18/2462 сандуу катынын негизинде, Э.Ормоковдун сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын №34 (3,65 га), 71 (4,58 га), 72 (5,15 га) контурларында жайгашкан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы жалпы 13,38 га сугат айдоо жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкелерди өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |