Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VII cессиясы
2025-жылдын 13-майындагы № 7/4
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү IV-сессиясынын 2025-жылдын 13-мартындагы №4/3 токтомуна толуктоо ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү IV-сессиясынын 2025-жылдын 13-мартындагы №4/3 токтомуна толуктоо ѳзгѳртүү киргизилсин.
2.Коӊорчок айылындагы жаӊы салына турчу бала бакчанын жер аянтын кеӊейтүү үчүн түштүк тарабынан Н. Атабековдун пайдаланып жүргөн ашык 1394 м2 жери муниципалдык менчикке алынсын.
3.Муниципалдык менчикке алынган Н. Атабековдун 1394м2 ашык жери бала бакчанын жерине өткөрүлүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |