Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VIII cессиясы
2025-жылдын 15-майындагы № 8
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформациялоо) которууга мүмкүн жөнүндө
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну, 2024-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Торугарт - Жалал-Абад темир жолун жана анын инфраструктурасын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-статьясынын 82-пунктуна, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймактык комиссиясынын 2025-жылдын 14-майындагы корутундусуна ылайык Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Торугарт - Жалал-Абад темир жол жана анын инфраструктурасын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги жалпы аянты 384,86 га жерлер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) мүмкүн, 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Жобонун 13-пунктунун негизинде жерге жайгаштыруу көктөмөсү Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |