Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VIII cессиясы
2025-жылдын 15-майындагы № 8/3
Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок,Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарына таштанды таштоочу жана биотермикалык чуңкур курууга жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылындагы №1002 контур 0.20га биотермикалык чуңкур курууга,Чолок-Кайың айылындагы №382 контур 1га жана Жерге-Тал айылындагы №3531 контур 1га таштанды таштоочу жана биотермикалык чуңкур курууга жер бѳлүнүп берилсин.
2. Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ак-Талаа филиалынан документтерин бүткѳрүү Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |