Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз VIII cессиясы
2025-жылдын 15-майындагы № 8/5
Сафлор сыгуучу станокту ишке берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ тиешелүү Чолок-Кайың айылындагы жергиликтүү бюджеттен алынып келинген Сафлор сыгуучу станок ишке берилсин.
2. Сафлор сыгуучу станокту ишке берүүдѳ электр энергиясы менен камсыз кылуу жана тиешелүү мекемелерден уруксат алуу Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Нуралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |