Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-майы № 8-2
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы 0,30 га жер тилкесин бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасындагы Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №665 токтомунун талаптарына жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, ошондой эле Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын 2025-жылдын 25-апрелиндеги №3 оң корутундусунун негизиндеАт-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы №842 контурундагы жалпы аянты 20,2 га чийлүү жайыт жеринин аянтынан, мунун ичинен0,30 га жер аянтын “Чийлүү жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери ж.б. багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;
2.Бул жерден сырткары калган 19,9 га жайыт жери айыл өкмөтүнүн жана тиешелүү жайыт адистеринин катуу көзөмөлүндө болсун жана башка максаттарга мыйзамсыз колдонууга жол берилбесин;
3.Трансформациялоого байланыштуу зарыл болгон документтерди чогултуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кенешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдарбоюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Мелис уулу |