Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-майы № 8-4
Ат-Башы айыл аймагындагы турак жай имараттары жана жайлары үчүнэсептелүүчү мүлк салыгынынставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынынАт-Башы району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 20-январындагы №01-09/27 сандуу чыгыш катынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинеылайыкАт-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагында турак жай имараттар жана жайлар үчүн эсептелүүчү мүлк салыгы 1 чарчы метрине 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин;
2.Бул токтомдун негизинде Ат-Башы айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча адиси жана тиешелүү кызматтар тарабынан салык төлөөчүлөргө маалымдоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага | У. Мелис уулу |