Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-майы № 8-6
Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде Ат-Башы айыл аймагындагы санитардык тазалыкты, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой элекүйүүчү-майлоочу жана техникалык керектөөлөрдү каржылоо максатындаАт-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарында жайгашкан имараттардын ээлеринен төмөндөгүдөй жыйымдар алынсын:
· Ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган турак жайлардын ээлеринен (ар бир түтүндөн) – айына 100 (бир жүз) сом;
· Ишкердик ишке арналган чоңаянттуу (100 чарчы метрден өйдө) коммерциялык имараттардан (соода борборлору, курулуш материалдарын саткан соода түйүндөрү, тез татым жайлары, жер-жемиш саткан жайлар, кичи ишканалар ж.б.) ээлерине – айына 1200 (бир миң эки жүз) сом;
· Кичи аянттагы (100 чарчы метрге чейин) соода жайларынын (контейнер, ларёк, павильон ж.б.) ээлеринен – айына 200 (эки жүз) сом.
2.Ак-Жар айылында жайгашкан полигонго таштандыларды ташып келген унаалар үчүн кирүү акысы төмөндөгүдөй белгиленсин:
· Жеңил автоунаалар үчүн – 100 (бир жүз) сом;
· Жүк ташуучу чоң автоунаалар үчүн – 300 (үч жүз) сом.
3.Жыйналган каражаттар айыл ичиндеги санитардык-тазалыкты сактоо, таштанды төгүлгөн полигонду рекультивациялоо, техникаларды оңдоо жана тейлөө, кызматкерлердин айлык маяналарын төлөөмаксатында пайдаланылсын;
4.Жыйымдарды чогултууда имарат ээлери менен милдеттүү түрдө келишим түзүлсүн жана төлөмдөрдү алуу боюнча расмий квитанция берүү тартиби киргизилсин;
5.Таштанды чыгаруу кызматы жыл бою үзгүлтүксүз жана белгиленген график боюнча жүргүзүлсүн;
6.Төлөм жүргүзбөгөн жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлсүн;
7.Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын 2023-жылдын 6-октябрындагы №7-5 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
8.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин;
9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | У. Мелис уулу |