Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-майы № 8-7
“Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин токтомдорун, жоболорун жана чечимдерин кабыл алуу укугуна таянып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жөнүндөгү Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; Тиркеме тиркелет 5 (беш) баракта.
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы жана кеңештин катчысы бул жобонун ишке ашырылышын камсыз кылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 29-май2025-жылдагы
кезектегиVIII сессиясынын
№8-7 токтомуна 1-тиркеме
«Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы жөнүндө Жобо
I. Жалпы жоболор
1. Ат-Башы айыл аймагынын деңгээлиндеги “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы Ат-Башы айыл аймагында жарандарды сыйлоонун эң жогорку формасы жана алардын мамлекеттик жана демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
2. “Ат-Башы айылынын Ардактуу атуулу” наамы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан берилет. “Ат-Башы айылынын Ардактуу атуулу” наамы мамлекеттик тилде жазылат.
3. “Ат-Башы айылынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүүнүн, ыйгаруунун, тапшыруунун, сактоонун тартиптери жана башка эрежелер ушул Жобого ылайык жөнгө салынат.
4. Чет өлкөдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын алдында сиңирген эмгектери үчүн “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланышы мүмкүн. Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилет.
5. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимге, акимдин орун басарларына, район аймагындагы жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, жергиликтүү кеңештин төрагаларына жана депутаттарына иштеп жаткан мезгилинде ыйгарылбайт.
6. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жогоруда аталган кызматтарды ээлеген атуулдарга жумуш мөөнөтү аяктагандан жарым жылдан кийин ыйгарылышы мүмкүн.
7. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы соттук териштирүүлөргө алынган жана мөөнөтү аяктабаган жарандарга ыйгарылбайт.
8. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш өз талапкерлигин өзү көрсөткөн тараптардан түшсө каралбайт.
9. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш көзүөткөн жарандарга каралбайт.
10. Бир эле адам “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен эки жолу сыйланышы мүмкүн эмес.
II. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүүнүн тартиби
11. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды төмөндөгүлөр киргизет:
- райондук мамлекеттик администрация;
- айыл өкмөтү, айылдык кеңеш;
- мекеме-ишканалардын эмгек жамааты (менчигинин түрүнө карабастан);
- коомдук уюмдар;
- көчөнүн жашоочулары;
- жеке менчик ишканалардын жамааттары;
- башка мамлекеттик органдар.
12. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндөөтүнүчтөр биринчи кезекте ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттарынын жалпы чогулушунда талкууланат жана жеке жарандар өтүнүчтөрү менен кайрылууга укуктуу.
13. Мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын жетекчилери, жеке жарандар “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндөөтүнүчтөрдү кароонун жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунуштарды даярдап киргизет.
14. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө сунуштарда сунушталган адамдын сапатын мүнөздөгөн маалыматтар, тармакта жана тиешелүү жамаатта иштеген жалпы эмгек стажы, Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарына конкреттүү сиңирген эмгектери, ишинин натыйжалуулугу жана сапаты жөнүндө маалыматтар, аталган мамлекеттик жана өкмөттүк сыйлыктарын күбөлөндүргөн документтер нотариат тарабынан күбөлөндүрүү менен тиркелет.
15. Сунуштарга сыйланууга сунушталган адамдын 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана түстүү фото сүрөтү тиркелүүгө тийиш.
16. Үстүнөн оңдолуп жана түзөтүлүп жазылган, туура эмес толтурулган жана фото сүрөтү болбогон сыйлоо материалдары карап чыгууга кабыл алынбайт.
17. Сыйлоо боюнча материалдарга, сунуш кылып жаткан юридикалык жактардын жетекчилеринин кол тамгасы коюлат жана алардын мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлөт.
18. Сыйлоо же сыйлоодон баш тартуу жөнүндө комиссиянын чечимдери боюнча жарандардын даттануулары жана арыздануулары каралбайт.
19. Сыйлыкка көрсөтүүүчүн сунушка тиркелүүчү документтердин тизмеги төмөндөгүлөрдү камтыйт.