Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-майы № 8-9
“Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыларынбекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайыкАт-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Э. Толубаевдин берген сунушунун угуп жана талкуулап,Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан калкка жана мекемелерге көрсөтүлүүчү техникалык кызмат акылары төмөндөгүдөй өлчөмдөбекитилсин:
· ХОВО унаасы – 1 рейс үчүн 4000 (төрт миң) сом;
· КАМАЗ унаасы – 1 рейс үчүн 2500 (эки миң беш жүз) сом.
2.Көрсөтүлгөн тариф 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
3.Ат-Башы айыл өкмөтү жана “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасы бул тарифтерди калкка жана мекемелерге расмий маалымдоону камсыз кылсын.
Төрага | У. Мелис уулу |