Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2025 -жылдын 8-апрели № 5/27
Миӊ-Булак айыл аймагында жайгашкан М1-М2 магистрал каналдарын өткөтүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн №2.2-4/83 07.03.2025-жылдагы каты боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өркүндөтүү» жөнүндө токтомуна ылайык Миӊ-Булак айыл аймагынын Эчки-Башы, Эмгекчил жана Куйбышев айылдарында жайгашкан М1-М2 магистрал каналдарынын ички чарбалык каналдарын Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү үчүн Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагынын Эчки-Башы, Эмгекчил жана Куйбышев айылдарында жайгашкан М1-М2 магистрал каналдарынын ички чарбалык каналдарын Нарын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөт башысы А.Океновго милеттендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | К.Усупов |