Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2025 -жылдын 8-апрели № 5/29
“Мега” антенасын орноууга жер участогун берүүгө макулдук берүү жɵнүндɵ
Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Эмгекчил айылынын “Кара-Бүк” участкасына антена орнотуу үчүн Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II кезектүү сессиясы токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагына караштуу Эмгекчил айылынын “Кара-Бүк” участкасына “Мега” антенасын орнотууга 2078-контурунан 16 м2 жер аянтын ЗАО “Альфа телеком” ишканасына убактылуу пайдаланууга, ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Жер участогунун документтерин каттоодон өткөрүү жагы, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигине караштуу жер ресурстарын кызмат бөлүмүнүн филалынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | К.Усупов |