Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2025 -жылдын 8-апрели № 5/30
Миӊ-Булак айыл аймагынын 2025-жылга айдап-себүү, оруп-жыйуу жана мал багуу акыларын бекитүү жөнүндө
«Миӊ-Булак тазалык» муниципалдык ишканасынын 08.04.2025-жылдагы №10,12 катары жана Мин-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары С. Чекировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү II сессиясы токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев, Мин-Булак, Эчки-Башы, Оттук, Эмгекчил жана Өрнөк айылдарында 2025-жылга мал багуу Кой, эчкиге- 80 сом; Бодо мал 400 сом болуп бекитилсин.
2.Миӊ-Булак айыл аймагынын Лахол жана Жер-Көчкү айылдарында 2025-жылга мал багуу Кой, эчкиге- 60 сом; Бодо мал 400 сом болуп бекитилсин.
3.Жазгы айдап себүүгө муниципалдык ишканалардын техникалары;
Жер айдоо (дыӊ жерге) 1500 сом, 30 л май; Жер айдоо (аӊыз жерге) 1300 сом, 25 л май; Тырмоо 600 сом, 10 л май; Себүү 600 сом, 2 (эки же үч урук бир учурда себилсе) 800 сом, 10 л май; Шакап 200 сом 3 л май; Чөп чабуу (жадка) 1000 сом, 10 л май, Престөө 8 сом, 10 л май; Урук чабуу 4500 сом (күйүүчү май ичинде), Арпа, буудай чабууга 3500 сом (күйүүчү май ичинде).болуп бекитилсин.
4.2025-жылга чабандардын Жайлоого көчүүсү 1-5-майга чейин аяктасын, 1-октябрь айынан кийин көчүп келүү жагы каралсын.
5.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | К.Усупов |