Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2025 -жылдын 8-апрели № 5/32
Бюджеттен каралган акча каражаттын 3111 статьясынын ичинен, 3112 статьясына тиешелүү акча каражатын жылдыруу жɵнүндɵ
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн бөлүм башчынын баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн материалдык базасын чындоого 2025-жылдын бюджетин бекитүүдө каралган 3111 статьясынан 3 400 000 сом акча каражатын төмөндөгү 3112-статьяга жылдырылып берилсин;
3111-статьясынан 3 400 000 (үч миллон төрт жүз миӊ) сом
3112-статьясына 3 400 000 (үч миллон төрт жуз миӊ) сом.
2.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | К.Усупов |