Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2025 -жылдын 8-апрели № 5/33
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Нарынг райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министирлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы №04-13/59 буйругу менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъектилерине берүүнүн” тартиби жана Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 12.03.2025-жылдагы № 2.2-4/89 сандуу катынын негизинде, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Ижара акысынын өлчөмү төмөндөгү формуланын негизинде белгиленсин;
ИА1 = БСН *К, мында
ИА1- 1 га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акынын өлчөмү;
БСН-айыл чарба жерлеринин бир чарчы метиринин базалык салыктын наркы;
К-сугат айдоо үчүн бирдей коэффициент;
30-иш жузундөгү сугат жер;
20-сугарууга кыйынчылык жараткан жерлер;
10-сугаттын жоктугу.
2. Миӊ-Булак айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери төмөндөгү көрсөтүлгөн контурлар боюнча коэффиценттер бекитилсин;
№ | Айылдары | Контур № | Формула | Ижара баасы, сом |
Миӊ-Булак | 185-189 | 325,75*20 | 6515,0 | |
148 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
139 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
117-106 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
105 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
98 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
97 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
96 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
Он-Арча | 1518 | 325,75*20 | 6515,0 | |
1403 | 325,75*20 | 6515,0 | ||
343 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
Кара-Кужур | Б/К 3 | 325,75*20 | 6515,0 | |
278 | 325,75*30 | 9772,5 | ||
4452 | 325,75*20 | 6515,0 | ||
342 | 325,75*20 | 6515,0 | ||
Эмгекчил | 1225 | 325,75*10 | 3257,5 | |
1287 | 325,75*10 | 3257,5 | ||
1081 | 325,75*20 | 6515,0 | ||
1077 | 325,75*20 | 6515,0 |
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялансын жана Кыргыз республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстицяия башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Усупов |