Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2025 -жылдын 27-майы № 6/37
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жыл башынан калган калдык акча каражаттарын бөлүп берүү жɵнүндɵ
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн бөлүм башчынын баяндамасын угуп жана талкуулап жыл башынан калган акча каражатын бөлүп берүү боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. 1-январь 2025-жылдын башына калган калдык акча каражатын төмөндөгү статьяларга каралып берилсин:
2511- Миӊ-Булак Тазалык муниципалдык ишканансына субсидия катары 6 458 700 (алты миллион төрт жүз элүү сегиз миӊ жети жүз) сом.
3111- Куйбышев, Миӊ-Булак, Өрнөк айылдарын электр мамычаларын алууга 1 761 600 (бир миллион жети жүз алтымыш бир миӊ алты жүз) сом.
3111- Эмгекчил айылынын А. Оскөнбаев атындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтуна өздүк салым катары 1 290 000 (бир миллон эки жүз токсон миӊ) сом.
3111- Эмгекчил айылыныдагы гараждын имаратын капиталдык ремон өткөрүүгө 1 954 900 (бир миллион тогуз жүз элүү төрт миң тогуз жүз)
3111- Жер-Көчкү айылын жарыктандырууга 1 689 000 (бир миллон алты жүз сексен тогуз миӊ) сом
3111- Жер-Көчкү айылынын таза суу системасын ремонтоо үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом.
3111- Миӊ-Булак айылынын таза суу системасын куруу үчүн 2 996 900 (эки миллион тогуз жүз токсон алты миӊ тогуз жүз) сом
3112- Оттук айылына Беларус тракторун алууга 2 520 000 (эки миллион беш жүз жыйырма миӊ) сом
Баардыгы: 19 671 100 ( он тогуз миллион алты жүз жетимиш бир миң бир жүз) сом.
2.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | К.Усупов |