Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2025 -жылдын 27-майы № 6/39
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын бөлүп берүү жɵнүндɵ
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-майына Кытай-Кыргыз компаниясы "Zhong Ji Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коомунунан 14511400-төлөө кодуна пландан ашык 8 300 000 (сегиз миллион үч жүз миң) сом акча каражатынын бөлүү берүү боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын I кезексиз сессиясы токтом кылат:
2215- Миң-Булак айыл аймагындагы жалпы орто мектептерине микротиктерди койдурууга 173 000 (жүз жетимиш үч миң) сом.
2215- «Кыргызмамжердолборлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасына Он-Арча колхозунун жерлерин тактоо жана инвентаоизациялоого 912 900 (тогуз жүз он эки миң тогуз жүз) сом.
2221- Эмгекчил айылындагы Мүсүралиев Керим атындагы жеӊиш паркын ремонтоо үчүн 50 100 (элүү миӊ бир жүз) сом.
2221- Ж. Мамбетаипов бала бакчасына пандуз орнотуу үчүн 27 300 (жыйырма жети миӊ үч жүз) сом.
2222- Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө ветеринардык жабдууларды алуу үчун 153 000 (бир жүз элүү үч миӊ) сом.
2222- Миӊ-Булак айыл аймагындагы Бала-Бакчаларга аба тазалоочу озанотор алууга 114 000 (бир жүз он төрт миӊ) сом.
3111- Миӊ-Булак айылынын таза суу системасын куруу үчүн 3 603 100 (үч миллион алты жүз үч миӊ бир жүз) сом.
3111- Жер-Көчку айылындагы Клубунун айланасын коруу тосмо алуу орнотуу үчүн 400 000 (төрт жүз миӊ) сом.
3111- Куйбышев айылындагы А. Осмоно атындагы маданият үйүн жылуулук системасы жана керектүү инвентарларды алуу үчүн өздүк салым катары 500 000 (беш жүз миӊ) сом.
3112- Миӊ-Булак айыл аймагындагы ишканаларга видокөзөмөл алуу орнотуу үчүн 1 520 600 (бир милион беш жуз жыйырма миӊ алты жүз) сом.
3112- Усупов Сырымбет атындагы Бала-Бакчасына конфорка алуу үчүн 165 000 (бир жуз алтымыш беш миӊ) сом.
3112-“Сырымбет ата” Бала-Бакчасына конфорка алуу үчүн 165000 (бир жуз алтымыш беш миӊ) сом.
3112- Эмгекчил айылына Сафлор станогун алуу үчүн 516000 (беш жүз он алты миӊ) сом.
2. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | К.Усупов |