Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIX чакырылышынын кезектүү VIII сессиясы
2025-жылдын 15-апрели № 8/2
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы “Салкын-Төр” “Тай-Сарай” участкасынан таза суу системасына скважина жана резервуар
курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Алыш айылынын айыл башчысы М. Нуркалиевдин 2025-жылдын 15-апрелиндеги кайрылуу катынын негизинде, Алыш айылындагы “Салкын-Төр” “Тай-Сарай” участкасынан №583-709-контурунан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жалпы 0,25 га жер тилкесине таза суу системасына скважина жана резервуар куруу боюнча Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы “Салкын-Төр” “Тай-Сарай” участкасынан №583-709-контурунан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жалпы 0,25 га жер тилкесине таза суу системасына скважина жана резервуар курууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Шералиев |