Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
30-май 2025-жыл №29-6/2
ТОКТОМ
Каракол шаарынын муниципалдык менчигинин реестрине жер тилкелерин кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Т.М. Мадяровдун, 2025-жылдын 30-майындагы, чыг:№01-17/2001 жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мʏлктʏ башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин каттарын тиркемелери менен карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын Масалиев атындагы кѳчѳсʏнʏн №24/1 дарегиндеги, идентификациялык номери 2-01-02-0075-0021, аянты 1,70 га жер тилкесин жана Масалиев атындагы кѳчѳсʏнʏн 24/2 дарегиндеги идентификациялык номери 2-02-0075-0019 аянты 5,30 га ѳлчѳмʏндѳгʏ жер тилкелерин муниципалдык мʏлк башкармалыгынын реестрине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мʏлктʏ башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен жер тилкелерин алмаштыруу жана ѳткѳрʏп алуу боюнча актыларын, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.
3. Каракол шаардык мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда кѳрсѳтʏлгѳн обьекттерди мындан ары ээликтен ажыратпоого жана жергиликтʏʏ жамааттын кызыкчылыгына пайдаланууга жол бербесин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи
орун басары Б.Ш. Курманов