Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 28-майы №8/1
«Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому аркылуу лизинг жолу менен атайын техникаларын сатып алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары Г.Ускенбаеванын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 28-май 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы суммасы 19 890000 (он тогуз млн сегиз жүз токсон миң) сомдук, АКШ доллар менен алынган техниканын курсу прогноздук курс менен эсептелген (1$ = 90 сом), айыл чарба техникасы жана атайын техникалары жылдык 11 (он бир) пайыз менен, 6 жылдык мөөнөткө төмөнкү техникалар алынсын:
- 1 (бир) даана LuiGong CLG4180D маркасындагы автогрейдер, жалпы суммасы
8 460000 сомдук;
- 1 ( бир) даана HOWO ZZ332783847E үлгүсүндөгү самосвал, жалпы суммасы
3 870000 сомдук;
- 1 (бир) даана Комбайн 4YZ-4CI1 (жүгөрү комбайн), жалпы суммасы 7 560000
сомдук.
2. Лизингдин жалпы баасынан 11 (он бир) пайыз өлчөмүндө Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы суммасы 3 423000 ( үч млн төрт жүз жыйырма үч миң) сом кошулсун.
3. Өздүк салымдан сырткары, лизингге алынган автоунаалардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган автотехникаларын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимовго жүктөлсүн.
5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы
|
Д.Акпаралыев. |