Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 28-майы №8/2
«Муниципалдык менчикке кыймылсыз мүлктү кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-,19-беренелерине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылындагы К.Турдуматов көчөсүнүн тургуну Тургунов
Хасанбайдын жеке менчигиндеги 500,00 кв.м жер тилкесине курулуп жаткан мечиттин ордун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчикке кабыл алынган мечиттин ордун мамлекеттик каттоодон өткөрүү “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы
|
Д.Акпаралыев. |