Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

 

2025-жылдын 24-январы № 3/4

 

Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2025-жылга иш планы жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 сандуу “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 6-7-беренелерине ылайык, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчеттук чогулушунун протоколуна ылайык, Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

1.    Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын  2025- жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет)

 

2.    “Баш-Булак” МИнын  сунушунун негизинде малдан алынуучу жайыт акы жана төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

 

Айыл аймагынын тургундарынын Четтен келген мал, кой, жылкылар үчүн мал, кой, жылкылары үчүн

1.    Бир баш малга - 250 сом Бир баш малга - 500 сом

2.    Бир баш кой-эчкиге - 50 сом Бир баш кой-эчкиге - 100 сом

3.    Бир баш жылкыга - 300 сом Бир баш жылкыга – 500 сом

4. Жайыттарга мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй баа белгиленсин.

 

1.  Маданий ден соолукту чыңдоочу туристтик  иш  чаралар  үчүн   1га жер үчүн 30000 сом;

2.    Табигый  тоют  даярдоо  үчүн  1га  жер  үчүн 1600 сом;

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Бакиров

 

 

Баш-Булак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы III сессиясынын № 3/4 токтому менен “Баш-Булак” МИнын 2025-жылдын иш планы бекитилди.

 

Баш-Булак айыл аймагынын алдында түзүлгөн “Баш-Булак” МИнын 2025-жылга карата

ИШ ПЛАНЫ

 

№

 

Аткарылуучу иштер

 

Кимдер аткарат

 

Мөөнөтү

 

1

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык чогулушун өткөрүү жана бюджетти айылдык кенештин сессиясында бекитүү

ЖК мүчөлөрү

Январь, февраль

2

Айыл аймактагы ар бир айылдар боюнча жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо

ЖК мүчөлөрү

1-апрелге чейин

 

3

Жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт билеттерин иштеп чыгуу жана ветеринардык врач менен биргеликте малдардын эмдөөсүнө көзөмөл жүргүзүү

Жайыт комитети

Ветврач

 

15-апрелге чейин

4

Малдын тоютка болгон керектөөсүн эсептөө жана жайыттардын сыйымдуулугун аныктоо

ЖК мүчөлөрү

15-апрелге чейин

5

Ортонку жана алыскы жайыттарга көчүү учурундагы өтмө жолдордун маршруттарын түзүү жана көчүрүүнүн календарлык планын түзүү

ЖК мүчөлөрү

1-апрелге чейин

6

Жайыт пайдалангандыгы учун акы төлөөнүн графигин түзүү жана топтоо

Жайыт комитети

Жыл ичинде

7

Фокстук топторду түзүү жана алардын натыйжалары менен бирге жайытты жакшыртуудагы муктаждыктарды аныктоо

ЖК мүчөлөрү

1 апрелге чейин

8

Жайыттарга биргелешкен мониторинг жана баа берүүнү жүргүзүү

ЖК мүчөлөрү

1-ноябрга чейин

9

Жайыт абалын жакшыртуу боюнча иш чараларды жургүзүү

Жайыт комитети

1-ноябрга чейин

10

Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш чараларды аткаруу

Жайыт комитети

1-ноябрга чейин

11

Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди тузуу жана жайыт билеттерди берүү

Жайыт комитети

1 апрелге чейин

 

12

Жайыттарга малдардын жайланышын жана туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү жана туура эмес пайдалангандарга тиешелуу иш чараларды көрүү

Жайыт комитети

Жыл ичинде