Редакцияот 28.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 28-февралы  №4/1

 Баш-Кайыңды айыл аймагында мүлккө болгон салыктын өлчөмүн бекитүү  жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379,380 беренелерине өзгөртүү киргендигине байланыштуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу максатында  Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин  кезексиз IV сессиясы токтом кылат :

 

1.     Баш-Кайыңды айыл аймагында мулк салыгынын (турак имараттар жана  жайлар үчүн) өлчөмү 1 чарчы метр үчүн 40 (кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин .

2.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.

3.     Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы  А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

Төрага

А. Бокоев