Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 28-майы №8/3
« Өрүктү айылындагы Тытбак участогунун аталышын өзгөртүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобосуна ылайык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Усенбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүктү айылындагы Тытбак участогунун аталышы өзгөртүлүп, Амиракулов Маараимбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Аталган көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык, көчөдөгү турак үйлөрдүн катар сандары такталып, тактайчалары (табличка) белгиленсин.
3. Көчөнүн катар сандарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы
|
Д.Акпаралыев. |