Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 28-майы №8/4
« Ала-Бука айыл аймагындагы 4 калктуу конушка айыл макамын берүү жөнүндө.»
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22-май 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы төмөнкү калктуу конуштарды айыл котегориясына киргизүүгө макулдук берилсин:
1) Ала-Бука айылындагы – Жаңы-Шаар участогу;
2) Ала-Бука айылындагы Кароол-Дөбө жаңы конушу;
3) Достук айылындагы – Акурча участогу;
4) Өрүктү айылындагы – Кеңкол участогу.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы
|
Д.Акпаралыев. |