Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 28-майы №8/6
« Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.»
“Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин балдар бакчаларынын атайын каражаттар 14232400 беренеси менен киреше бөлүгү 2025-жылга карата 16 000000 (он алты млн) сомго көбөйтүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы
|
Д.Акпаралыев. |