Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезекcиз IV   сессиясынын

 

  2025-жылынын  26-февралы  №4/17

 

«Айры-Там айыл аймагынын жарандарына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө»

 

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Айры-Там айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен айылдык кенешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз IV cессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Ардактуу атуул” наамынын ээси, “Билим берүүнүн мыктысы” агартуу тармагына зор салымын кошкон, Сатимбеков Уметалыга китеп чыгаруу үчүн көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 70 000(жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;

 

  1. Совет-Сай айылынын тургуну Кулишева Ашүрбүгө ырлар, аңгемелер жыйнактарын китеп кылып чыгаруу үчүн 30 000(отуз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин;

 

  1. Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьяга жайгаштыруу жана которуп берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

                                       М.Кулуев.