Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезекcиз IV   сессиясынын

 

  2025-жылынын  26-февралы  №4/11

 

« “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасына субсидия бөлүп берүү жөнүндө.»

          Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамын жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымовдун билдүүрүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз IV сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасына 6 522 000(алты миллион беш жүз жыйырма эки миң) сом субсидия (соц.фон. салык төлөмдөрү камтылган) жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин;

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

 

М.Кулуев.