Редакцияот 11.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз IV сессиясы

 

2025-жылдын 11-февралы № 4/2

 

Баш-Булак айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын тамак-ашы үчүн төлөмүн көтөрүү бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 2023-жылдын 11-августундагы № 179 жобосуна ылайык жана ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1. Жоогазын Гүлү”, “Эркетай бала”, “Карлыгач”, “Кут Ордо”, “Татына”, “Көгүлтүр Асман” МЧББУнын тамак-ашка болгон төлөмү 1500(бир миң беш жүз) сомго, ал эми “Жаш канат” МЧББУнын тамак-ашка болгон төлөмү 1300(бир миң үч жүз) сомго бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Бакиров