Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 24/9

 

“Манас айыл аймагынын Алим-төбө айылынын Алим-төбө -2 көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндө”

 

 

                Алим-төбө айылынын тургундарынын Алим-төбө-2 көчөсүнө ат ыйгаруу жөнүндөгү арызы депутаттар тарабынан кеңири ой пикирлер менен талкууга коюлуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып Манас айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Манас айыл аймагынын Алим-төбө айылындагы Алим-төбө-2 көчөсүнө Исмаилов Дыйканбайдын аты ыйгарылсын.

 

2. Манас айыл аймагынын Алим-төбө айылындагы Алим-төбө-2 көчөсүнө ат ыйгаруу иш кагаздарын даярдоо, тиешелүү органдарга жөнөтүү жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Манас айылдык кеңешинин төрайымы

 

Х.Ш.Артыкова