Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIX чакырылышынын кезектүү IX сессиясы
2025-жылдын 3-июнундагы № 9/2
Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Аэропорт көчөсү №4 дарегинде жайгашкан трансформаторду коопсуз жайга жылдыруу жөнүндө
2025-жылдын 22-апрелиндеги Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн №37-26-6/2114 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынын Курманов Бейшеналы көчөсүндөгү идентификациялык коду 4-05-08-1003-0025 номерлүү участкасынын күн чыгыш тарабындагы 25 чарчы метр жер аянтына трансформаторду орнотууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Сапарбек уулуна жана Кеңеш айылынын айыл башчысы С. Молдобаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Шералиев |