Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 токтомуна)
Дарыкана уюмдары аркылуу оорулуулардын жеңилдетилген категориясын амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Дарыкана уюмдары аркылуу оорулуулардын жеңилдетилген категориясын амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында жарандарды врачтын рецепттери боюнча дарыкана уюмдары аркылуу амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылуунун тартибин аныктайт.
2. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) менен аныкталган, алгачкы медициналык-санитардык жардам саламаттык сактоо уюмдарында катталган жана каттоодо турган оорулуулардын жеңилдетилген категориясына багытталган.
3. Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу дарыкана уюмдарынын чекене тармагы (мындан ары - дарыкана) аркылуу белгилүү бир дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (мындан ары - дары каражаттары) рецепттерди жазып берүү жолу менен жүзөгө ашырылат жана төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) дары каражаттарын рецепт менен берүү;
2) дарынын наркынын бир бөлүгүнүн ордун толтурууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин каралган каражаттарынан жүргүзүү жана жеңилдетилген рецепттер боюнча сатып алынган дары каражаттарынын наркынын бейтап тарабынан жарым-жартылай төлөнүшү;
3) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууну ишке ашырууга катышкан субъекттердин келишимдик өз ара мамилелери.
4. Бул Жобо менен амбулаториялык деңгээлде Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылуу боюнча субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилелер менен жөнгө салынат, алар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги);
2) үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, үй-бүлөлүк медицина борборлору, жалпы дарыгердик практика борборлору, фельдшердик-акушердик пункттар;
3) менчигинин түрүнө карабастан Саламаттык сактоо министрлиги менен фармацевтикалык кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн дарыкана уюмдары (мындан ары - дарыканалар).
5. Жеңилдетилген дары каражаттарын сатып алуу укугуна Мамлекеттик кепилдиктер программасында аныкталган Кыргыз Республикасынын жарандары ээ.
6. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында оорулуулардын жеңилдетилген категориясына жазып берилген рецепттерди жана сатылган дары каражаттарын эсепке алуу реалдуу убакыт режиминде иштеген маалыматтык-техникалык программалык камсыздоонун (мындан ары - маалыматтык система) жардамы менен жүргүзүлөт.
2-глава. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоо
7. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууну каржылоо Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан учурдагы жылга каралган республикалык бюджеттин чегинде жүзөгө ашырылат.
8. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча оорулуулардын жеңилдетилген категориясын дары-дармек менен камсыз кылууну ишке ашырууга пландалган жана отчеттук жыл ичинде колдонулбаган республикалык бюджеттин каражаттары кийинки отчеттук жылга өтпөйт.
9. Отчеттук жылдын ичинде жүргүзүлгөн талдоонун негизинде каражаттарды региондор арасында кайра бөлүштүрүүгө жол берилет.
3-глава. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттары. Компенсациянын өлчөмү
10. Оорулуулардын жеңилдетилген категориясын камсыз кылуу Мамлекеттик кепилдиктер программасында аныкталган дары каражаттарынын көлөмүндө жана тизмеги боюнча жүргүзүлөт.
11. Дары каражаттарынын тизмеги Мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча орду толтурулуучу Дары каражаттарынын маалымдамасында (мындан ары - Маалымдама) келтирилет. Маалымдама төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) дары каражаттарынын эл аралык патенттелбеген аталышы (мындан ары - ЭПА);
2) дары каражаттарынын дарылык формасын, дозасын, фасовкасын, өндүрүүчүнүн аталышын жана өндүрүүчүнүн өлкөсүн көрсөтүү менен анын соодалык аталышы;
3) ички референттик баа, улуттук валютада компенсациянын өлчөмү.
12. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эсептелген жана бекитилген ички референттик баанын негизинде ордун толтуруунун деңгээли жана компенсациянын өлчөмү жылына 2 жолудан кем эмес аныкталат. Ички референттик баа Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылуу программаларынын алкагында ички референттик баа түзүү жана дары каражаттарына чыгымдардын ордун толтуруу боюнча методологияга ылайык түзүлөт.
13. Маалымдама электрондук форматта Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлөт жана Саламаттык сактоо министрлигинин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу мамлекеттик органдын сайттарында ачык жеткиликтүү жайгаштырылат.
14. Кыргыз Республикасынын дары каражаттарынын мамлекеттик реестрине ылайык Маалымдама туруктуу режимде жаңыланып турат. Генерикалык топто катталган дары препараттары жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган, бирок каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген атайын тизмеге киргизилген дары препараттарын Маалымдамага киргизүүгө жол берилет.