Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын

кезектеги 4 -сессиясы

 

2025-жылдын 27-январы № 29-17

 

Үч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Үч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” Наамын берүү маселесин кезектеги сессияда талкууга салып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө жана инвестиция тартууга кылган эмгегин баалап Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Джумашев Райымберди Токторалиевич Үч-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына татыктуу деп табылсын

2. “Ардактуу атуулу” наамынын төш белгисин жана лентасын жасатуу боюнча Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы Р.Барпыбековго жүктөлсүн

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

Төрага

 

А.Акимбаев