Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIX чакырылышынын кезектүү IX сессиясы
2025-жылдын 3-июнундагы № 9/8
Жеке менчик турак жайларын куруу үчүн жер участокторун бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жер мунапысын жүргүзүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомунун, Нарын районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын 2025-жылдын 29-майындагы №121 чечимин, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-июнундагы №189-б буйругун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин нормаларына ылайык, Дөбөлү айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылындагы төмөндө көрсөтүлгөн жер аянты Тамды-Суу айылынын тургуну турак жай куруу үчүн жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.
№ | А.А.А | Аянты м2 | Контур № | Айылы |
1 | Жумашов Орозобек Какишович | 778,64 м2 | О. Алиев көч. | Тамды-Суу |
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Шералиев |