Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 299 токтомуна)
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дарыкана уюмдары аркылуу калктын камсыздандырылган категориясын жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дарыкана уюмдары аркылуу калктын камсыздандырылган категориясын жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында калктын камсыздандырылган категориясын дарыкана уюмдары аркылуу амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуунун тартибин аныктайт.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы (мындан ары - ММК кошумча программасы) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча калктын камсыздандырылган категорияларын дары-дармек менен камсыз кылууга багытталган.
3. ММК кошумча программасы дарыкана уюмдарынын чекене тармагы аркылуу белгилүү бир дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (мындан ары - дары каражаттары) рецепт менен берүү аркылуу ишке ашырылат жана төмөнкү принциптерге негизделген:
1) дары каражаттарын рецепт менен берүү;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу мамлекеттик орган (мындан ары - ММК фонду) тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан дарынын наркынын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу жана жеңилдетилген рецепттер боюнча сатып алынуучу дары каражаттарынын наркын пациент тарабынан жарым-жартылай төлөө;
3) ММК кошумча программасын ишке ашырууга катышкан субъекттердин келишимдик өз ара мамилелери келишим менен жөнгө салынат.
4. Ушул Жобо менен ММК кошумча программасынын субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилелер жөнгө салынат, алар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ММК фонду;
2) жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылууга ММК фондунун каралаган финансылык каражаттары менен үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, үй-бүлөлүк медицина борборлору, жалпы дарыгердик практика борборлору, фельдшердик-акушердик пункттар;
3) ММК фонду менен фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзгөн, менчигинин түрүнө карабастан дарыкана уюмдары (мындан ары - дарыканалар).
5. ММК кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары каражаттарын сатып алуу укугуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) менен аныкталган милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жана алгачкы медициналык-санитардык жардам саламаттык сактоо уюмдарына катталган жарандар укуктуу.
6. ММК кошумча программасынын алкагында жазып берилген рецепттерди жана сатылган дары каражаттарын эсепке алуу реалдуу убакыт режиминде иштеген маалыматтык-техникалык программалык камсыз кылуунун (мындан ары - маалыматтык система) жардамы менен жүргүзүлөт.
2-глава. ММК кошумча программасын каржылоо
7. ММК кошумча программасынын бюджети ММК фонду тарабынан катталган камсыздандырылган калктын маалыматтарынын жана жан башына ченемдин өлчөмүнүн негизинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан түзүлөт.
8. ММК кошумча программасын ишке ашырууга пландалган жана отчеттук жылда пайдаланылбаган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары кийинки отчеттук жылга өтпөйт. Учурдагы жылдын бекитилген бюджетинен ашыкча жазып берилген жана сатылган рецепттер кийинки отчеттук жылдын бюджетинин эсебинен төлөнөт.
9. Отчеттук жылдын ичинде жүргүзүлгөн талдоонун негизинде каражаттарды региондор ортосунда кайра бөлүштүрүүгө жол берилет.
3-глава. ММК кошумча программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттары. Компенсациянын өлчөмү
10. ММК кошумча программасы боюнча орду толтурулууга тийиш болгон дары каражаттарынын тизмегин тандоо жана кайра кароо саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги) тарабынан жылына 1 жолудан кем эмес бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана ММК кошумча программасы боюнча амбулаториялык деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуунун тизмегин түзүү методологиясынын негизинде жүргүзүлөт.
11. Дары каражаттарын тандоонун жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Амбулаториялык деңгээлде орду толтурулууга тийиш болгон артыкчылыктуу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси түзүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программасынын алкагында дары каражаттарына ички референттик баа түзүү жана чыгымдардын ордун толтуруу боюнча методологияга ылайык ММК кошумча программасынын бюджетине тийгизген таасирин талдоонун жыйынтыгы боюнча тизменин негизинде ММК фонду тарабынан дары каражаттарын тандоо жүргүзүлөт жана ММК кошумча программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасы (мындан ары - Маалымдама) түзүлөт. Маалымдамада төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
1) дары каражаттарынын эл аралык патенттелбеген аталышы (мындан ары - ЭПА);
2) дары каражаттарынын соодалык аталышы, анын дарылык формасын, дозасын, фасовкасын, өндүрүүчүнүн аталышын жана өндүрүүчү өлкөнү көрсөтүү менен;
3) ички референттик баа, улуттук валютадагы компенсациянын өлчөмү;
4) оорулуулардын айрым категориялары үчүн дары каражаттарынын айрым топторун атайын (максаттуу) дайындоо (колдонууга карата белгилүү көрсөткүчтөрдү көрсөтүү).
12. Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу программасынын алкагында дары каражаттарына ички референттик бааны түзүү жана чыгымдардын ордун толтуруу боюнча методологияга ылайык Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эсептелген жана бекитилген ички референттик баанын негизинде ММК фонду дары каражаттары үчүн ордун толтуруунун деңгээлин жана компенсациянын өлчөмүн жылына 2 жолудан кем эмес аныктайт.
13. Маалымдама ММК фонду тарабынан электрондук форматта жүргүзүлөт, Саламаттык сактоо министрлигинин, ММК фондунун сайттарында ачык жеткиликтүү жайгаштырылат.
14. Маалымдама Кыргыз Республикасынын дары каражаттарынын мамлекеттик реестрине ылайык туруктуу режимде жаңыланып турат. Дары каражаттарынын генерикалык тобунда катталган дары каражаттары жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган, бирок каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген атайын тизмекке киргизилген дары препараттарын Маалымдамага киргизүүгө жол берилет.