Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 21-майы № 48
Муниципиалдык менчике алуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. АмирбековдунБозала-Бостон каналынын 6,74 га (5800 м) жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдыкменчигинеөткөрүпалуужөнүндөгү сунушун угуп, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бозала-Бостон каналынын 6,74 га (5800 м) жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдыкменчигинеөткөрүпалууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |