Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 21-майы № 49
Муниципиалдык менчике алуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Кочкор-Ата айылынын № 1185 контурдагы калктуу конуштан 0,40 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндөгү сунушун угуп, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата айылынын № 1185 контурдагы калктуу конуштан 0,40 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |