Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 21-майы № 51
Айыл макамын берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу, Кызыл-Сеңир айылынын Тогузунчу участкасынын тургундарынын 2025-жылдын 06-майындагы айыл тургундары менен айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн жыйындын протоколунда Тогузунчу участкасын - мындан ары Тогузунчу айылы деп макам берүү жөнүндө жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылынын Тогузунчу участкасын - мындан ары Тогузунчу айылы деп макам берүүгө макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына маалымат иретинде жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышына мыйзамдуу иш алып баруу жана көркөм жарнактарды орнотуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Мурзанбетовго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |