Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезектеги 01-сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры № 02

 

Жалпак-Таш айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

 

Эсептөө комиссиясынын Жалпак-Таш айылдык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Эсептөө комиссиясынын Жалпак-Таш айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

 

2.Матиева Гулуйпа Абдраевна Жалпак-Таш айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Исламидин уулу Р.