Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 40
“Ош унаабекети” муниципалдык ишканасынын аймагына кирүүчү автоунаалардан акы алуу нарктарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы Э.Кармышаковдун “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасынын аймагына кирүүчү (шлагбаумга) автоунаалар үчүн акы алуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2025-жылдын 21-майындагы №10 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасынын аймагына кирүүчү (шлагбаумга) автоунаалар үчүн акы алуу төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- бир жеңил унаага 15 (он беш) минутага чейин бекер, бир саатка чейин 20 (жыйырма) сом, бир сааттан кийин 30 (отуз) сом жана суткасына 50 (элүү) сом;
- жүк ташуучу бир унаага биринчи сутка үчүн 50 (элүү) сом, ал эми бир суткадан ашкандан кийин суткасына 100 (жүз) сом жана оор жүк ташуучу унаалардын кирүүсүнө тыюу салынсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияна (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |