Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 42
Демөөрчүлүк жардам катары берилген атайылаштырылган унаа каражаттарын мамлекеттик менчиктен Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл
алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун демөөрчүлүк жардам катары берилген эки даана атайылаштырылган унаа каражаттарын мамлекеттик менчиктен Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы №28 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Мамлекеттик менчикте турган төмөнкү атайылаштырылган унаа каражаттарын Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:
–2020-жылы чыгарылган FAW үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа каражаты (VIN: LFNGFLJF1RAE47540);
–2024-жылы чыгарылган GENLYON үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа каражаты (VIN: LZFF25T42LD057939).
2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн унаа каражаттарын мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |