Редакцияот 26.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезекcиз IV   сессиясынын

 

  2025-жылынын  26-февралы  №4/13

 

« Айры-Там айыл өкмөтүнүн алдындагы “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасынын эсебине керектүү техникаларды сатып алуу үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө»

 

          Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасынын эсебине лизинг аркылуу керектүү техникаларды сатып алуу үчүн, депутаттардын макулдугун эске алып, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз IV сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасынын эсебине төмөнкү техниканы:

          Самосвал Howo  v7x лизингдин жалпы суммасы- 3 863 200(үч миллион

сегиз жүз алтымыш үч миң эки жүз)сом (44000$ );

-          өздүк салым суммасы - 1 158 960 (бир миллион бир жүз элүү сегиз миң тогуз жүз алтымыш) сом (13200$);

-          камсыздандыруу взносу - 53 000 (элүү үч миң) сом (603,64$);

-          бажы төлөмдөрү - 207,900 (эки жүз жети миң тогуз жүз)сом (2367,88$);

-          декларанттын кызматы -2500 (эки миң беш жүз) сом (28,47$);

-          ОСАГО - 25 000 (жыйырма беш миң) сом (284,73$ );

-          бирдиктүү салык -76735 (жетимиш алты мин жети жүз отуз беш) (873,98)

-          кварталдык төлөмгө - 601905(алты жүз бир миң тогуз жүз беш) (6855,41)

Жалпы сумма: 2 126 000 (эки миллион бир жүз жыйырма алты

миң) (24214,12$) сом акча  каражаты  2025-жылдын

жергиликтүү бюджетинен каржылансын;

  1. “1-Май Эмгек” муниципалдык ишканасынын лизингге алган техникасынын кредиттик төлөмдөрүн төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүү, айыл өкмөтү тарабынан кепилдикке алынсын;
  2. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, “Бюджет, экономика, инвестиция жана муниципалдык менчик” жана “Мыйзамдуулук укук тартибин сактоо жана депутаттардын этикасы” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

 

                                       М.Кулуев.