Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезексиз 21-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 82

 

Жалпак-Таш айыл аймагынын административдик чек арасынын

схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына

макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жалпак-Таш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жалпак-Таш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Өзгөн районунун админстративдик аймагында жайгашкан Торгой участкасынын 812 га айыл чарба багытындагы жерлер Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагынын ичинде, чек аралардын түшүндүрмөсүндө так көрсөтүп жазууга өзгөчө көңүл бурулсун.

3. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин төрайымына жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрайым

 

Г. Матиева