ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
2024-жылдын 26-апрели № 85
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө штаттан тышкары контрактын негизде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акыларын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралынагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомуна ылайык штаттан тышкары контрактын негизде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акыларын өлчөмүн бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жеригиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 27-февралындагы №01-25/63 буйругу менен бекитилген усулдук колдонмону жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө штаттан тышкары контрактын негизде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акылары 25,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2.Контрактык негизде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин эмгек акылары жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин жана мыйзам чегинде эмгек акыларын эсептеп, төлөп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г. Матиева |