ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги 22-сессиясы
2024-жылдын 26-апрели № 89
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү “Жалпак-Таш таза суу жана тазалык, көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасын мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө жергиликтүү маанидеги чарбалык маселелерди натыйжалуу жана эффективдүү чечүүдө, муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоонун тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, “Жалпак-Таш таза суу жана тазалык, көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасын мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө жергиликтүү маанидеги чарбалык маселелерди натыйжалуу жана эффективдүү чечүүдө, муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн “Жалпак-Таш таза суу жана тазалык, көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. “Жалпак-Таш таза суу жана тазалык, көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын фирмалык аталышы “Жайыт, таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасы болуп өзгөртүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Юридикалык жактан толук фирмалык аталышы:
Ишкананын толук аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Жайыт, таза суу жана тазалык» муниципалдык ишканасы;
- Официалдуу тилде: Муниципальное предприятие «Жайыт, таза суу жана тазалык»
Юридикалык жактан кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Жайыт, таза суу жана тазалык» МИ;
- Официалдуу тилде: МП «Жайыт, таза суу жана тазалык»
3. «Жайыт, таза суу жана тазалык» муниципалдык ишканасынын Уставы жаңы редакцияда бекитүү жана керектүү иш кагаздарын аткаруу жагы айыл өкмөткө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым |
| Г. Матиева |