Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 44
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ош шаарындагы айрым автоунаа жолдорун Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ош шаарындагы айрым автоунаа жолдорун Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы №29 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жалпы узундугу 31,9 километрди түзгөн Ош шаарындагы төмөнкү автоунаа жолдорун Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:
- узундугу 3,0 километр, V категориядагы Учар–Араван шоссеси (Ак-Тилек айлампасынан Ак-Буура – Араван каналына чейин);
- узундугу 5,0 километр, III категориядагы Ош–Ташкент жолу (8-март көчөсүнөн “Достук” чек ара пунктуна чейин);
- узундугу 7,9 километр, III категориядагы Ош–Төлөйкөн жолу (Ж.Мамытов, Р.Юнусов көчөлөрүнүн кесилишинен “Жеткинчек” лагерине чейин);
- узундугу 4,0 километр, I категориядагы Ош–Кара-Суу жолу (С.Касымбеков көчөсүнөн Нариманов айылындагы айлампага чейин);
- узундугу 12,0 километр, V категориядагы Шейит-Дөбө–Жданов жолу (Ленин көчөсүнөн Керме-Тоо айылына чейин).
2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа жолдорун мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |