Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 45
Ош шаарынын Аэропорт шаарчасында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаарынын Аэропорт шаарчасында жайгашкан жалпы аянты 179800,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкелерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы №27 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын төмөнкү даректеринде жайгашкан жалпы аянты 179800,0 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
- Аэропорт шаарчасынын №54/1в дарегиндеги 30500,0 чарчы метр жер тилкеси (бирдейлештирилген коду: 5-11-06-0328-0178);
- Аэропорт шаарчасынын №54/1г дарегиндеги 5500,0 чарчы метр жер тилкеси (бирдейлештирилген коду: 5-11-06-0328-0179);
- Аэропорт шаарчасынын №53к дарегиндеги 3400,0 чарчы метр жер тилкеси (бирдейлештирилген коду: 5-11-06-0328-0180);
- Аэропорт шаарчасынын №54/1к дарегиндеги 140400,0 чарчы метр жер тилкеси (бирдейлештирилген коду: 5-04-06-0328-0177).
2. Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |