Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 46
Муниципалдык мүлктөрдү ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Ош шаарынын мэринин 2025-жылдын 9-апрелиндеги көчмө жыйынынын №8/73, Ош шаарынын мэринин орун басарында болгон 2025-жылдын 9-апрелиндеги жыйындардын №9/117 жана №9/120 сандуу протоколдук чечимдерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсуповдун муниципалдык мүлктөрдү ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 21-майындагы №9 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Төмөндөгү муниципалдык мүлктөрдү мыйзам чегинде ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин:
- Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүнүн №30 “А” дарегинде жайгашкан, 30 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген жалпы аянты 255,3 чарчы метр жер тилкесин;
- Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүнүн №30 “А” дарегинде жайгашкан, 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген жалпы аянты 228,0 чарчы метр жер тилкесин;
- Ош шаарынын Т.Кулатов кичи шаарчасынын №9/1“А” дарегинде жайгашкан, 21 жылга убактылуу пайдаланууга берилген жалпы аянты 459,25 чарчы метр жер тилкесин;
- Ош шаарынын “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгынын №224 көчөсүнүн №6 үйүнүн алдында жайгашкан, 15 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген, жалпы аянты 700,0 чарчы метр жер тилкесин (анын ичинен 70,0 чарчы метр жер тилкеси коммерциялык багытта, 630,0 чарчы метр жер тилкеси жашылдандыруу багытында);
- Ош шаарынын Амир-Тимур көчөсүнүн №8/914 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы 5 жылдык мөөнөткө ижара шартында берилген жалпы аянты 400 чарчы метр бөлмөлөрдү.
2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) муниципалдык жерлердин ижара акысынын өлчөмү жогорулаганда бул токтомдун 1-пункттундагы 1-4-пунктчаларындагы обьекттер менен түзүлгөн келишимдеги убактылуу пайдалануу мөөнөттөрүн кайра кароо, ошондой эле ижарадан бошотуу боюнча келишим түзүүдө обьекттерди кайрадан баалоо жагы тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |